Өлкө башчысы Башкы прокурор боюнча жарлыкка кол койду

Жамшитовдун талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңеште карап, депутаттар 109 добуш менен колдоп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik.Өткүрбек Жамшитов КРдин Башкы прокурору болуп дайындалды. Мындай жарыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жамшитов: Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштегенге ниет кылам
Эске салсак, буга чейин Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору кызматын ээлеп келген.

Жамшитовдун талапкерлигин кечээ, шаршембиде Жогорку Кеңеште карап, депутаттар 109 добуш менен колдоп беришкен.

Жаңы башкы прокурор тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik агенттиги чогулткан. Анда прокурордун ата-энеси, эмгек жолу жана сүйгөн спорту тууралуу айтылат.