Сапар Исаков УКМКга эмне тууралуу сурак бергенин айтты

Исаков бүгүн саат 15:00гө суракка чакырылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга дээрлик эки саат сурак берип чыкты.

Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу
Атайын кызмат Исаковду бүгүн саат 15:00гө суракка чакырган болчу.

Исаков ага президенттин аппаратында иштеп жүргөн учурга байланыштуу суроолор берилгенин айтты.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2011-жылдан 2017-жылга чейин КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппарат жетекчисинин биринчи орун басары жана аппарат жетекчиси болуп иштеген.

19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.