Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу

Мурдагы премьер-министр суракка күбө катары чакырылган.
Sputnik

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга дээрлик эки саат сурак берип чыкты. Ал сыртта турган журналисттердин суроолоруна да учкай жооп берди.

"Президенттин аппаратында иштеп жүргөн учурга байланыштуу суроолор берилди. Туура, териштирүү болушу керек. Баары жакшы, сарсанаа болбогула", — деди Исаков.

Мурдагы премьер-министр "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, саат 15.00дө УКМКнын имаратына кирип кеткен болчу.