Момбеков: бюджет — кыргыздын "бүт жейт" деген сөзү

Депутат мамлекеттик акционердик коомдордун ишмердигин тыкыр иликтөө керектиги тууралуу маселе көтөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ар түрдүү маселелер талкууланып жатканда мамлекеттик акционердик коомдордун ишин тыкыр изилдеп чыгуу керектигин айтты. Эл өкүлү мамлекеттен ссуда алган ишканалар бир жылда 400 миллион сомго чейин демөөрчүлүк иштерди жасаганын белгиледи.

Момбеков ошондой эле акционердик коомдордун директорлор кеңешине мүчөлөрдү азайтуу керек деген пикирде.

"Апрель айынын ортосунан аягына чейин жалпы Кыргызстан боюнча мамлекеттик акционердик коомдордун акционердик чогулуштары өтүп жатат. Эмне үчүн акционердик коомдун директорлор кеңешине бир эле жерге алты-жети киши дайындалууда, мен түшүнбөй жатам. Директорлор кеңешине барган кишилер айлык албайт дейт. Сиз ушуга ишенесизби? Мына Асель Союзбековна (Кодуранова – ред.) директорлор кеңешине мүчө болгон, квартал сайын айлык алчу, мен деле алчумун. Азыр булар биз албайбыз, баш тартабыз деп жатышпайбы. Айлыктан "отказ" берген, байлыктан баш тарткан кыргызды табыш кыйын го", — деди депутат.

"Кыргызтелеком" интернетти 3,5 эсе арзан сатып ала баштады
Момбеков эл өкүлү Акылбек Жамангулов акционердик коомдордун ишин карап, териштирип, 400 миллион сомдон ашык демөөрчүлүк жардам бергенин аныктап чыкканын белгиледи.

"Кой тууй албай жатып, эчкиге арача түшөт дегендей өздөрү өкмөттөн, бюджеттен ссуда катары акча сурап жатат да демөөрчүлүк кылганды эмне кылат. Ошондуктан акционердик коомдордун бардыгын иликтеп чыгуу үчүн протоколдук тапшырма берели", — деди ал.

Депутат бюджет деген сөз кыргыздардын "бүт жейт" деген эле сөзүнөн алынса керек, "жегендин баары эле, дегендин баары эле ошол жактан чыгат" деди.