Райым Матраимов өкмөттөн эмне талап кылууда? Сот качан болору айтылды

Матраимов конкретттү түрдө Сапар Исаковду эмес, өкмөттү сотко берген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата жазган арызы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Матраимов конкреттүү түрдө Сапар Исаковду эмес, өкмөттү сотко берген.

"Райым Матраимов жумуштан мыйзамсыз алындым деген доо менен 20-апрелде Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ал соттон жумуштан алуу боюнча премьер-министрдин токтомун жокко чыгарып, кайра өзүнүн кызматына турууну сураган. Соттук иши 2-май күнү саат 10.00дө каралат", — деп айтылат маалыматта.

Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
Эске салсак, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Ага уда эле жеткечиси Азамат Сулайманов да кызматтан бошотулган.

Ал эми Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Кубанычбек Кулматов өкмөт башчынын кабыл алуусунда болуп, Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштаганын айткан. Мындан улам мурда Ош бажысын жетектеп, кийин республикалык бажы кызматынын жетекчисинин орун барасы болуп жүрүп жумуштан алынган Райым Матриаимовдун дарегине коомчулукта бир топ сындар айтылган.