БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Спирт ичимдиктерин ичүү бүйлө ооруларынын ылдамдашын, айрым рак илдетин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүшүн шарттайт. Бул тууралуу Microbiome журналына жарыяланган изилдөөдө баяндалат.
Нью-Йорк университетинин окумуштуулары 55тен 78ге чейинки 1044 кишинин оозунун микрофлорасынын үлгүлөрүн алып изилдешкен. Жыйынтыгында арак ичпеген 270, анда-санда ууртап койгон 614 кишинин жана такай арак ичкен 160 кишинин көрсөткүчтөрүн салыштырышкан.
Адистер арак ичкен кишилердин микрофлорасында өзгөрүүлөрдү байкап, атап айтканда Bacteroidales, Actinomyces жана Neisseria бактерияларынын көбөйгөнү аныкталган. Bacteroidales бактериясы сезгенүүнү, жаранын ириңдешин жана шишиктерди пайда кылат. Ал эми Neisseria болсо гонорея менен менингитти козгойт.
Андан сырткары аракты ичкенде кишинин организминдеги лактобацилл бактериясынын көлөмү азайып, бул өз кезегинде ооздун жана сиңирүү органдарынын рак оорусуна алып келет.