Кызды жарым жылаңач кылып таштап кеткендер милицияга да каршылык көрсөткөн

Топтошкон кишилер милиционерлердин талаптарына баш ийбегендиктен, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө кызматы да барган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Милицияга борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде автоунаадан жарым жылаңач кызды ыргытып кетишкендиги боюнча маалымат түшкөн. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Кыз милицияга окуянын кандай болгонун айтып, тартип сакчылар Кулиев — Пушкин көчөлөрүнүн аймагын тинтип издеген. Жабырлануучу мобилдик батальондун кызматкерлерине шектүү делген кишини көрсөтүп, бирок кармоо учурунда аны менен кошо жүргөн топ каршылык кылып, милициянын автоунаасын тороп алышкан.

"Шектүүнү кармап жатканда топтогулардын бири милиционердин табелдик куралын сууруп алууга аракет кылган. Бул окуядан кийин мобилдик батальондун кызматкери мыйзам чегинде курал колдонгон", — деп билдиришти милициядан.

Маалыматта топтошкон кишилер милиционерлердин талаптарына баш ийбегендиктен, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө кызматы да баргандыгы айтылган.

Кармалган 42 жаштагы киши менен жабырлануучу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, ал эми материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилген.