Радио

Жамгырчиева: кыздарды күчкө салып кармап отурууга мыйзам жол бербейт

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева кыздарды 26 жашка чейин чет жакка иштөө үчүн чыгарбайбыз деген демилге туура эместигин билдирди
Sputnik
Жамгырчиева: кыздарды күчкө салып кармап отурууга мыйзам жол бербейт

Кыздарды күчкө салып кармап отурууга мыйзам жол бербейт. Анда алардын жарандык укугу тебеленет. Мындай пикирин Гүлнара Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көйгөй бар, бирок аны тыюу салуу менен чечүүгө болбойт.

"Кыздардын да конституция менен бекитилген укуктары бар. Эгер бирөө жарымы жаман жолго тушүп жаткан болсо биринчи кезекте ата-эне жооптуу. Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың дегендей, биз алгач үй-бүлөдөгү тарбияга көңүл бурушубуз кажет", — деди Жамгырчиева.

Ал ошондой эле бул маселени бардык тиешелүү органдар биргеликте иштеп чечүүсү керектигин кошумчалады.