Акыркы коңгуроодо банкет өткөрүүгө быйыл да тыюу салынды

Бул күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилиги мугалимдер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мектеп директорлоруна акыркы коңгуроо аземине жана көңүл ачуучу жайларда салтанат өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин буйругуна ылайык, акыркы коңгуроо өлкөнүн мектептеринде 25-майда саат 9.00дө жаңырат.

Милиция жол эрежесин бузган бүтүрүүчүлөрдү кантип кармады
Бул күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт.

Билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырылды.

Андан сырткары, ата-энелер менен балдардын коопсуздугу тууралуу жыйналыштарды өткөрүү милдети жүктөлдү.

Буга чейин Кыргызстанда бүтүрүү кечеси канча турары боюнча атайын материал чыккан.