Борбор калаада өспүрүмдөрдүн I эл аралык фестивалы өтөт

Анда чет мамлекеттерден келген топтор өнөрлөрүн көргөзөт
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаада өспүрүмдөрдүн "Наристе" аталышындагы I эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 26-апрель күнү 11.00дө Кыргыз-орус славян университетинде болот Анда Венгриядан "Bartina" бий ансамбли, Индиядан "Udbhav", Түркиядан "Mehteran-I Gokcan" топтору келет жана италиялык, россиялык, казакстандык жаштар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Иш-чара борбор калаанын 140 жылдыгына карата уюштурулууда.