АУЦАга бомба коюлганы туурасында кабар түшүп, курчоого алынды

Жеринде УКМК менен ИИМдин кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратына жарылуучу зат коюлганы туурасында маалымат түшкөнүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Граната көтөргөн студент, бомба жасап саткан прапорщик. 90-жылдардагы кылмыштар
Бомба тууралуу маалымат бүгүн, 26-апрелде, саат 13.37де түшкөн.

Аталган жайга УКМК менен ИИМдин кызматкерлери чыгып кетишкен. Окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери эвакуацияланып, айланасы курчоого алынган.

Азыркы тапта имарат түнтүүгө алынды. Ошондой эле телефон чалган адамдын аты-жөнүн тактоо үчүн издөө иштери жүрүп жатат.