БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягына чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактардагы тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы күндүзү Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде болот. Ал эми түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр төгүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, тоолуу райондорго кар түшөт.
28-29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.