Индияда дарыгер башынан жаракат алган бейтаптын бутуна операция жасап салды

Ката кетирген хирургга тажрыйбалуу кесиптештеринин көзөмөлүндө гана операция жасоого уруксат берилген
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Делидеги мамлекеттик оорукананын улук дарыгери башынан жаракат алган бейтаптын бутуна кокусунан операция жасап алганын Indian Express басылмасы жазды.

Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
Хирург бейтаптарды алмаштырып алып, буту соо кишинин сөөгүн тешип штифт коюп салган. Наркоздо жаткан адам каршылык көрсөтө алган эмес.

Катачылык кеткени билингенден кийин бейтаптын бутундагы штифт алынып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ката кетирген хирургга тажрыйбалуу кесиптештеринин көзөмөлүндө гана операция жасоого уруксат берилген.