Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчуларга жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Токсонбай Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спортчулар июнь айына чейин толук тандалып бүтөт.
"Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулар тандоо учурунда эле машыгууларды өткөрүшөт. Ар бир федерациянын сунушу менен шарттар түзүлүп жатат. Буюрса талаптарын аткаруудабыз. Учурда алыш, көк бөрү боюнча тандоо жыйынтыкталып калды", — деди Асанов.
Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.