БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКы интернеттин тарифин 3,5 эсе арзандатып, трафиктин ылдамдыгын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине компаниядан билдиришти.
Акционердик коомдун башкаруучулар жана директорлор кеңеши тендер өткөрүп, интернет-трафикти жеткирүүчүнү тандады. Конкурска жалпысынан Россиядан, Казакстандан, Германиядан, Кытайдан жана Кыргызстандан 14 компания катышкан.
"Тендердин жыйынтыгында интернет-трафикти сатып алуу баасы 3,5 эсе арзандап, анын көлөмү 20дан 50 гигабитке чейин көбөйгөн. Бул өз кезегинде кардарларды арзан жана ылдам интернет менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ал эми компания жыл сайын бир миллионго жакын долларды үнөмдөп калат", — деп "Кыргызтелекомдон" билдиришти.
Тендерге катышкан жергиликтүү компаниялар "Кыргызтелекомдон" трафикти сатып алууга кызыкдар экенин маалымдашкан.
"ААКтын жаңы жетекчилиги дайындалганга чейин баалар мурдагыдай, ал эми интернет-трафиктин көлөмү жетпей калчу. Мындай нерсе мамлекеттик компаниянын атаандаштыкка туруштук берүүсүнө жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип келген", — деп компаниядан билдиришти.
Жаңы тарифтер менен интернет-трафиктин көлөмү башка провайдерлер менен атаандашууга жол ачып, 2016-жылдын аягында болгон окуялардын кайталанышына жол бербей турганы билдирүүдө айтылат. Анда интернеттин секундасына болгон мегабити 13 доллардан 30 долларга чейин дароо өсүп кеткен.