БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабыларын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
"Кытайдагы Эмгек майрамынан улам, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары иштебейт", — деп айтылган маалыматта.
Эки тарап 30-апрелден 1-майга чейин ары-бери каттай алышпайт.
Транспорт менен жүк ташуучулардын өтүшү 2-майдан тарта жанданмакчы.