БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМине караштуу академиянын студенттери Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-теориялык конференцияда бейгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
"Жаштар жана илим" деп аталган конференция Казакстан ИИМинин Макан Есбулатов атындагы академиясында болуп өттү.
Сыйлыкка ээ болгондор:
— кылмыш процесси секциясы боюнча 3-курстун студенти Рамис Айдарбек уулу экинчи орун алды. Илимий жетекчиси — Кылмыш процесси кафедрасынын доценти Эльза Абдымомунова;
— кылмыш-жаза укугу секциясы боюнча 3-курстун студенти Азат Алмакунов биринчи орунга чыкты. Илимий жетекчиси — Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасынын ага окутуучусу Мирбек Ажыгулов;
— административдик укук секциясы боюнча 3-курстун студенти Калыс Баяманов "Илимий жаңылык" номинациясына татыды. Илимий жетекчиси — административдик укук жана административ ишмердүүлүк кафедрасынын профессору Айбек Ахматов.
Ошондой эле Казакстандын ИИМ академиясынын жетекчилиги Кыргызстандын ИИМ академиясынын илимий кызматкери Камбарали Имаркуловго жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, бардык катышуучулар диплом жана грамоталар менен сыйланды.