БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада "смотрящийлер" жок жана болбошу дагы керек. Мындай пикирин Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов маалымат жыйынында билдирди.
Иш-чарада шаар милициясынын жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Рахмановдун айтымында, Бишкекте шаарды көзөмөлдөп турат деп айтылып жүргөн криминал өкүлдөрү жок.
"ИИМде кылмыштуу топтордун катарына кирет деп каттоодо турган бир нече кылмышкер кармалып, жоопко тартылды", — деди Рахманов.
Ал кошумчалагандай, жылдын башында уюшкан кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү кармалган. Бирок алардын "криминалдык жагдайга эч бир таасири болгон эмес".