Тоо менен шиберге эмне жетсин! Бирок кенеден сак болгула

2010-жылга чейин өлкө боюнча бир жылда кенеден жабыркап 280дей адам кайрылса, былтыр был көрсөткүч 831ге жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын кенеге чактырып, энцефалит илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүп бара жаткандыктан, жарандарды жаз жана жай мезгилинде сак болууга чакырат.

Маалыматка караганда, 2010-жылга чейин өлкө боюнча бир жылда кенеден жабыркап 280дей адам кайрылса, былтыр бул көрсөткүч 831ге жеткен.

"Бул адамдардын 146сы тиешелүү медициналык жардам алууга муктаж болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги №61 мектептин окуучулары көк жөтөлгө чалдыктыбы? Мэриянын жообу
Ошондой эле жыл сайын боло турган эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен тобокелчилик тобуна кирген адамдар (токойчу, чабан, окуу жана жумушка байланыштуу тоого, талаага көп чыккан суденттер) профилактикалык эмдөөдөн өтүп турары айтылды. Мисалы, 2017-жылы 740 киши ийне сайдырган.

Министрликтин маалыматына караганда, кене көп аймактарга Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо менен Чоң-Кемин аймагы кирет.

Кенеден сактануунун жолдорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот.