Радио

Жамшитов: Башкы прокурор болордон мурда Абдылдаевдин батасын алдым

Өткүрбек Жамшитов ага ишеним көрсөткөн депутаттарга, президентке ыраазычылыгын билдирип, учурунда Башкы прокурорлук кызматты аркалаган, эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштегенге ниеттенип жатканын айтты.
Sputnik
Жамшитов: Башкы прокурор болордон мурда Абдылдаевдин батасын алдым

Башкы прокурор болордон мурда Мыктыбек Абдылдаевдин батасын алгандыгын Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жамшитовдун талапкерлигине 109 депутат "макул" деп добуш беришти.

"2002-2005-жылдардын аралыгында Кыргызстандын Башкы прокурору болуп үзүрлүү эмгектенген, бүгүнкү күнү сиздердин кесиптешиңер Мыктыбек Абдылдаевдин алдынан өтүп, батасын алалы дедик. Ушул адамдай болуп таза иштейли, коомдо прокуратуранын бедел-баркын жакшы тараптан көтөрүп иш алып баралы деп жакшы ниетте баштадык", — деди ал.

Жамшитов депутаттар көтөргөн — бизнести коргоо, кайталап текшерүүнү азайтуу, жарандардын арыз кайрылууларын кароо, резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу боюнча маселелер абдан орчундуу экенин белгиледи. Андан сырткары ушул багытта өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө болот деген убадасын берди.