БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну кечээ, 24-апрелде Узун-Акмат суусуна түшүп кетип каза тапты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
"Кырсык түш ченде болгон. Куткаруучулар сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ тараткан кабарда маркумдун 42 жашта экендиги айтылган.
Мындан бир нече күн мурда Сузак районунда автоунаа Кара-Дарыя суусуна кулап, үч киши каза тапкан.