Баш прокурор болчу Жамшитовдун талапкерлиги ЖК кароосуна жөнөтүлдү

Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов
Аталган кызматты буга чейин Индира Жолдубаева аркалап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Баш прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүн курамы
Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтү
Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жамшитовдун талапкерлигин карап жактырган.

Жалал-Абад облустук прокуратурасын жетектеп келген Жамшитов 43 жашта.

Ал эми экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева тагылган милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткара алган жок деген жүйө менен жумуштан алынган.