БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тилек Жээнбеков WEF уюмунун версиясы боюнча алган дүйнө чемпиону наамын коргойт. Бул тууралуу КРдин Кулатуу эр таймаш федерациясынан (World ertaymash Federation, WEF — ред.) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков 14-майда Бишкекте өтө турган WEF Global 12 турниринде беттешүүгө чыгат. Анын атаандашы швециялык Малик Тамбе экендиги белгилүү болду.
Эске сала кетсек, Жээнбеков чемпиондук курун алгачкы ирет WEF Global 11 турниринде украиналык мушкер Юрий Проценкону жеңгенде тагынган болчу.