Айыбын жабуу үчүн пара берип жаткан ЖАМК кызматкери кармалды

Маалыматта аталган кызматкер буга чейин бир нече фактылар менен кайырмакка илингени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын механизациялашкан жылдырма колоннасынын жетекчисин үч миң доллар пара берип жаткан жеринен кармады. Бул туурасында аталган комитеттен кабарлашты.

Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
Маалыматта акча тергөөгө чейинки текшерүү учурунда анын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алып, короткондугу айтылган. Бул кылыктарын жабуу үчүн аталган кызматкер пара сунуштаган.

Факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин Башкы прокуратура кызматкеринин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган видеосу тараган.