Оштогу өрт учурунда 5-кабаттан секирген кыз комада. Кырсыктын чоо-жайы

Өрт калаанын Жим көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабаттагы батирлерде башталганы айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан кулаган кыз Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов билдирди.

Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук
Эске салсак, 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында калаанын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдө өрт чыгып, алгач 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын бирөө терезеден кулап кеткени туурасында видео тараган.

Сулаймановдун айтымында, жабыркаган кыз болжол менен 25-30 жаштарда. Азырынча аты-жөнү тактала элек. Өрт чыккан батирди ижарага алып жашап келген.

"Жабырлануучу алгач 1-кабаттын тосмосуна кулап, андан соң жерге түшкөн. Баш сөөктөрү жабыркап, мээсине кан куюулуп кеткен. Абалы оор. Кыз менен кошо дагы 30 жаштагы бир киши кулаган. Ал дагы тосмого түшүп, анан жерге жыгылган. Бутунан жаракат алып, бели сыныптыр. Учурда өз алдынча баса албайт. Травматология бөлүмүндө", — деди дарыгер.

Жабыркаган эки киши үйүнө жиберилсе, дагы экөө доктурлардын кароосунда.

Ал эми ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Баймуратовдун айтымында, кырсык болгон маалда куткаруучулар 30 кишини эвакуациялоого жетишкен.

Өрт эмнеден келип чыкканы такталууда.