Ош: милиция көмүскөдөгү кумарканаларды үч күндө жөнгө салуусу керек

Ички иштер министринин биринчи орун басары Ош шаардык милициясын баңгизат кылмыштуулугуна каршы көрүлгөн аракетти күчөтүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси Мурат Бороновго калаадагы көмүскө кумарканаларды үч күндүн ичинде жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Өмүрзаков Ош ШИИБдин ыкчам кызматы биринчи кварталда ойдогудай иштебегенин белгилеп, жарандардын коопсуздугун сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү аксап жатканын айтты.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар тарабынан кумарканалар боюнча көп арыз түшүп жатканын белгиледи. Ал жактан тургундар үйүн, машинасын жана ири суммадагы акчасын уттуруп жиберишүүдө.

"Өз аймагыңардагы кумарканаларды жөнгө салууга үч күн мөөнөт берем. Жасалган иштер боюнча мага отчет бересиңер. Өлкө мыйзамдарында каралган бардык аракеттерди көргүлө", — деди ал.

Өмүрзаков ошондой эле баңгизат кылмыштуулугуна каршы активдүү аракет кылууга чакырды.