Бишкекте Кыргызстанда тартылган мультфильмдер акысыз көрсөтүлөт

Кирүү акысыз экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстанда тартылган эки анимациялык фильм көрсөтүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Бишкекте төрт күн бою мыкты тасмалар бекер көрсөтүлөт
Бири режиссер Данияр Абдыкеримовдун куурчак анимация техникасында тартылган "Өз шаарын сактап калган бала" мультфильми болсо, экинчиси — "Күч бирдикте" аттуу анимациялык тасма. Ошол эле күнү кыска метраждуу "Өмүр" фильми да тартууланат.

Тасмалар 24-апрель күнү саат 16.00дө көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.