Chaarat "Кумтөрдү" сатып алууга кызыгууда. "Кыргызалтын" кабары жоктугун айтты

Сатып алуу Chaarat Gold Holdings, Centerra Gold Inc. жана "Кыргызалтын" ишканасы — үч тараптын сунушталган келишиминин бир бөлүгү болуп калары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Лондондо катталган алтын казган Chaarat Gold Holdings (CGH) компаниясы канадалык Centerra Gold Inc. ишканасына Кыргызстандагы "Кумтөр"кенин иштетүү укугун сатып алууга сунуш киргизген. Мындай билдирүүнү компания "рыноктогу кызыл кулактыкка жооп катары" жасаганын расмий сайтында жана Лондондогу биржанын порталында жасады.

Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө сууну үч тыйындан болсо да сатуу сунушталды
Билдирүүдө сатып алуу Chaarat Gold Holdings, Centerra Gold Inc. жана "Кыргызалтын" ишканасы — үч тараптын сунушталган келишиминин бир бөлүгү болуп калары айтылган.

Маалыматта Chaarat Gold Holdings менен "Кыргызалтын" Centerra Gold Inc. компаниясынын "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сатып алары белгиленген. Эгерде сатып алса, Chaarat "Кумтөр" долбоорунун жөнөкөй акцияларына ээлик кылуу укугун алат да кенди башкаруу укугу менен милдеттерине ээ болот. Ал эми "Кыргызалтын" "Кумтөрдүн" привилегиялуу акцияларына ээлик кылып калат. Ошондой эле кенди иштетүүдөн түшкөн каражаттын 50 пайызын алуу укугун берет. Chaarat жакынкы 5-7 жылдын ичинде башка дагы эки долбоорго бир нече миллион долларга чейинки суммадагы инвестицияга салууга кызыкдар экендигин билдирген.

Chaarat өзүнүн үлүшүн нак төлөп берип, ал эми "Кыргызалтын" эгерде кыргыз өкмөтү бул келишимди кубаттаса, Centerra компаниясындагы үлүшүн менен эсептешет.

Непалдык миллиардер: кыргызстандыктардын европа элинен бир артыкчылыгы бар
Аталган компания өзүнүн маалыматында бул долбоор кыргыз өкмөтү үчүн да пайдалуу келишим экендигин айтып, өлкөгө кирген акча каражаты арбый турганын айткан.

Бүгүн Лондон биржасынын ачылышы менен Chaarat Gold Holdings компаниянын акциялары 22,5 фунта стерлингден 24,15 фунт стерлинге көтөрүлгөн.

Ал арада Reuters агенттиги Centerra Gold Inc. жогоруда айтылган Chaarat Gold Holdings компаниясынын мындай сунушуна кызыкдар эмес экенин билдирди.

"Бизге Chaarat компаниясынын өз демилгеси менен жөнөтүлгөн мындай кат ушул жылдын март айында келип түшкөн", — деп айтып берген компания өкүлү агенттиктин кабарчысына.

Ушундай эле жоопту агенттик Кыргызстандагы жогорку кызматта тургандардан алгандыктарын жазды. Ал эми бул маалыматты тактоо иретинде жабык типтеги "Кыргызалтын" АКсына кайрылып, бул кабар алар үчүн да жаңылык болуп жатканын билдик.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалымат кызматынан бул жагдайга азырынча комментарий бербей тургандыктарын жана "Кумтөрдүн" айланасындагы кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан уккандыктарын айтышты.

Кутулабызбы деги? Кыргызстан Кытайга канча карыз
Centerra Gold Inc. "Кумтөр" алтын кенинин 100 пайыздык акциясынын ээси болуп саналат. 2009-жылдагы келишим боюнча Центерранын 33 пайыздык акциясы Кыргызстанга таандык. Компания Кыргызстанда жана Монголияда жайгашкан эки алтын кенге ээлик кылат.

Британиялык Chaarat Gold компаниясы учурда Жалал-Абад облусундагы Чаарат алтын кенин иштетүү үчүн лицензия алган.