Кийинки Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү башка өлкөлөргө берүүгө даярбыз. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыккан өлкөлөр буга чейин аталган демилгени көтөрүп келишкен.
"Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп алсак, анан Олимпиада сыяктуу кийинки оюндарды башка мамлекетке бергенге даярбыз. Негизи 2012-жылы Кыргызстан, Казакстан, Түркия, анан Азербайжан катышкан келишим түзүлгөн болчу. Буюрса быйылкы Көчмөндөр оюндарынан кийин жакшы жаңылык болот", — деди Абдесова.
Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.