БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында кечки саат 19:00дөн өткөндөн кийин катуу шамал болуп, шаардыктарды санаага салды.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 24-апрелде, кечинде катуу шамал болорун алдын ала эскерткен.
Шамал борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы желекти жулуп кетти.
Катуу шамалды социалдык тармактын колдонуучулары кандай кабыл алды? Айрым сүрөт, видеолорду топтодук.
Эсен Салиев аттуу колдонуучу ата-энелерге кайрылып, балдарды тезинен үйгө алып кирүүгө үндөдү.
Ольга Трукханова аттуу колдонуучу катуу шамал Бишкекке чейин жетерин айтып, башкаларды сак болууга чакырды.
Самат Кыдырбаев аттуу колдонуучу алай-дүлөй шамалдан чочулаганын жашырган жок.
Элеонора Мамбетшакирова болсо Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишин видеого тартып алган.
Александр Губин аттуу колдонуучу чаңда калган Бишкек шаарынын сүрөтүн жарыялады.
Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал Талас облусунда дагы катталып, үйдүн чатырын алып кеткенин билдирди.