"Ала-Тоо" аянты желексиз калды. Катуу шамал негизги тууну алып түштү

Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы негизги желекти катуу шамал учуруп, алып түштү. Бул учурду Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы видеого тартып алды.
Sputnik

Туу жерге каалгып келип түшкөнүн көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери менен ошол жерде сейилдеп жүргөн жарандар, жыйнай салышты.

ӨКМ бүгүн, 24-апрелде, кечинде Бишкекте катуу шамал болорун, ылдамдыгы 17-22 метрге чейин жетерин билдирген.

Бүгүн кечке жуук болгон катуу шамал шаардыктардын шаштысын алды.

Социалдык тармакка шаардыктар катуу шамал болгонун жазып, бири-бирин анын кесепетинен сак болууга чакырышты.