Айылда 120 баланы акысыз машыктырып жаткандыгын Бообек Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каратэ-до менен машыккан балдар өлкө чемпиону болууга жетишкен.
"Жапарали Маматов агайга жазылып, каратэ менен машыга баштадым. Кийин Россиядан айтылуу машыктыруучу Макен Исаковдун колуна түшүп, Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпион болдум. Ушул эки агайымдын адамгерчилигин, элге кылган мамилесин, балдар арасындагы кадыр-баркын көрүп, мен дагы ушулардай болуп бала тарбияласам деп тилек кылчумун. Былтыр өзүбүздүн айылда чакан зал ачкам. Учурда 120 бала акысыз машыгып жатат", — деди Нурматов.
Бообек Нурматов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан радиосунун материалынан окуңуздар.