Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартмай болду

Булактын билдиришинче, өкмөт башчысы шаарда жол тыгыны аз болушун каалайт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны коштоп жүрчү кортежден баш тартат. Бул тууралуу өкмөттөгү өздүк булактар билдирди.

Премьер Абулгазиевдин иш бөлмөсүнө келгендеги эмоциясы. Видео
Анын айтымында, өкмөт башчысы шаарда жол тыгыны аз болушун каалайт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кортежи менен өтүп баратканда жолду толугу менен жабууга тыюу салган болчу. Мамлекет башчысы жолду бөлүп-бөлүп жабуу боюнча тапшырма берген.

Жээнбеков президенттикке киришкенден бери жумушка саат 7:45те келери коомчулукка белгилүү болгон.