Ош жана Жалал-Абаддын ОИИБ жетекчилери алмашты

Учурда жаңыдан дайындалган башчылар эмгек жамаатка тааныштырылып жатат
Sputnik

ОШ, 23-апр. – Sputnik. Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери алмашканын ИИМДин маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Жалал-Абад ОИИБ башчысы Кылыч Жолдошев
2 / 4
Ош шаардык милициясынын жетекчиси Мурат Боронов
3 / 4
Ош ОИИБ башчысы Малик Нурдинов
4 / 4
ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов

Жалал-Абаддын ОИИБ башчысы болуп Кылыч Жолдошев дайындалып, 23-апрель күнү эмгек жамаатка тааныштырылды. Ал буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?
Ал эми Ош шаардык милициясынын жетекчилигине Мурат Боронов дайындалды. Ал буга чейин облустук милициянын башчысы кызматын аркалаган.

Облустук милициянын башчылыгына буга чейин ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген Малик Нурдинов дайындалды.

Ал эми анын ордуна буга чейин Жалал-Абад облустук милициясын жетектеп келген Акылбек Мамасейитов дайындалды.