Борбор калаадагы "Манас" эл аралык аэропорту 44 жыл мурун 23-апрелде колдонууга берилген. Ошол жылы СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин биринчи болуп учак менен конгон. Бир жылдан кийин Москва — Фрунзе аба каттамы ачылып, "Домодедово" аэропортунан учактар жүрө баштайт.
1980-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен "Манастын" аты ыйгарылган.
Өлкөдөгү ири аба майданы жылына 3,5 миллиондой жүргүнчү кабыл ала алат. Аларды 13 эл аралык жана төрт жергиликтүү авиакомпания тейлейт. Андан сырткары, Гонконг, Стамбул, Ташкент, Шанхай, Баку шаарларына оор жүктөр жеткирилет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири аба майданынын сейрек кездешкен сүрөттөрүн сунуштайт.