Радио

Мамбеталиева: такыр эт жебеген туристтер да биздин этти даамдуу дешет

"Коомчулукка багытталган туризм" ассоциациясынын маркетинг боюнча адиси Айша Мамбеталиева туристтер биздин улуттук ашкананын тамактарын майлуу деп, бирок этке кызыгаарын айтты
Sputnik
Мамбеталиева: такыр эт жебеген туристтер да биздин этти даамдуу дешет

Такыр эт жебеген туристтер да биздин этти даамдуу дешет. Бул тууралуу Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда чет элдик туристтерге эртең мененки тамак берүүдө көп көйгөйлөр жаралып келсе, азыр жергиликтүү калк тейлөөнү үйрөнүп калган.

"Ушундай учурлар да болгон. Бизге келе жатканда мен такыр эт жебейм деген туристтер келген соң эттен жасалган тамактарга буюртма беришет. Сиз эт жебейм дебедиңиз беле десек, силердин эт өтө даамдуу экен деп жооп беришет. Мал союуга каршы көз караштагы туристтер да биздеги жайылып жүргөн койлорду көрүп, эт жеп калышат", — деди Мамбеталиева.

Ал туристтерге туура тамак берүү боюнча да атайын окутуулар өткөрүлүп турарын кошумчалады.