"Дарак ыры" Москва кинофестивалында сенсациялуу тасма аталды

Разлогов "Дарак ыры" өзүнө драма, мюзикл, блокбастер жанрларын укмуштуудай кылдаттык менен камтыган мыкты тасма экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасын Эл аралык Москва кинофестивалынын программалык директору Кирилл Разлогов фестивалдын эң сенсациялуу тасмасы деп атады. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Аталган фестивалдын алкагында "Дарак ыры" биринчи ирет Москвада 21-апрель күнү көрсөтүлгөн.

"Дарак ыры" бул жолку фестивалдын эң сенсанциялуу тасмасы. Эмнеге? Бул жөн гана Россиянын катышуусу менен тартылган кыргыз тасмасы эмес. Бул драма, мюзикл, блокбастер жанрларын өзүнө укмуштуудай кылдаттык менен камтый алган эмгек", — деди Разлогов.

Назаренко кыргызча обон созгон "Дарак ырынын" саундтреги жарыкка чыкты
Мындан тышкары, фестивалга катышкан ар бир тасмага катуу талаптарды койгон уюштуруу комитети, сынчылар, журналисттер жана режиссерлор фильм аяктагандан кийин ордуларынан туруп, узак убакыт бою кол чабышканы айтылды.

Эскерте кетсек, кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өтүп, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.