Чыгыш-5 кичирайонундагы гараждар алынгандан кийинки көрүнүш. Сүрөт

Гараждарды алуу апрель айынын ортосунда башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунда 348 гараж алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Гараждар Айтматов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуу үчүн алынды. Бул жакта иштер апрелдин ортосунда башталган. Шаар бийлиги жалпысынан 15 миң чарчы метр жерди бошотушту.

1 / 4
Бишкектеги "Чыгыш-5" кичирайонунда 348 гараж алынды
2 / 4
Гараждар Айтматов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуу үчүн алынды.
3 / 4
Бул жакта иштер апрелдин ортосунда башталган.
4 / 4
Шаар бийлиги жалпысынан 15 миң чарчы метр жерди бошотушту.

Маалымат кызматы өзүм билемдик жана курула турчу көчөлөргө жолтоо болгон курулуштардын бардыгы түрттүрүлөрүн белгиледи.