Радио

Турганбаева: чет элдик туристтер алгач "маданий шок" алышат

"Супара Чуңкурчак" этно-комплексинин аткаруучу директору Назгүл Турганбаева чет элдик туристтер Кыргызстандын жаратылышына абдан таң каларын айтты
Sputnik
Турганбаева: чет элдик туристтер алгач "маданий шок" алышат

Чет элдик туристтер алгач "маданий шок" алышат. Бул тууралуу Назгүл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жолдордун сапатынын начардыгын айтып, көптөгөн чет элдик туристтер таң калышат.

"Бизге келген саякатчылар табиятыбызга суктанат, бирок аэропорттон мейманканага жеткенче жолдун начардыгына таң калып, чарчаганын айтышат. Колубуздан келген жылуу мамилебизди жасап, аларды жайгарганга шашабыз. Тоолорубузду көрүп, бир аз эс алган соң өздөрүнө келе түшөт. Жолдорубуздун сапатынын жакшырышын чыдамсыздык менен күтөбүз", — деди Турганбаева.

Ал ошондой эле тейлөө тармагында адистердин жетишсиздиги курч экенин, бул багытта мамлекет жеке сектор менен биргеликте иш алып барса, миграция да кыскарарын кошумчалады.