БУУнун башкы катчысы кансыз согуш кайтканын жар салды

Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңеши дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугун чагылдыра албай турганын жана учурдун талаптарына жооп бербей жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш кансыз согуш кайтып келгенин айтып, Коопсуздук кеңеши Сириядагы кагылыштарды жөндөй албай турганын билдирди. Бул тууралуу Гутерриш Швециянын SVT телеканалына берген маегинде айткан.

"Кансыз согуш кайтып келгени баарына эле белгилүү", — деди ал.

Гутерриштин айтымында, азыркы абал СССР учурундагыдан аябай эле айырмаланып турат.

"Азыр АКШ менен Россия мурдагыдай бардыгын тескей албайт. Жакынкы чыгыштагы аймактар — Түркия, Иран, Сауд Арабиясы жана башкалар абдан активдүү. Бири-бирине окшош, башкарууга оңой болгон блоктор жок", — деди ал.

Элди азапка салып жатышат! Путин Сирияга кол салуу боюнча үн катты
Башкы катчы ошондой эле Коопсуздук кеңеши "чаржайыт" болуп кеткендиктен БУУ сыйкырдуу таякча менен бардык көйгөйлөрдү чече албай турганын белгиледи.

Ал ортодо АКШ Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону талап кылууда. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн ою боюнча уюмга көп каражат кетип, ошол эле учурда таасири жоголуп барат. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин БУУну реформалоо керектигин билдирип, аны ишке ашыруу үчүн эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү колдошу керектигин айткан.

Кыргызстан дагы БУУнун Коопсуздук кеңешин жакшыртуу үчүн өз сунушун билдирген.