БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Армениянын борбору Еревандагы элдик толкундоолор учурунда жабыркап, ооруканага түшкөн тогуз киши учурда дарыланып жатат. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Алардын жетөө жекшемби күнү түшсө, үчөөнүн абалы катуу экендиги айтылууда.
Жекшембиде оппозиция өлкөнүн мурдагы президенти Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына кезектеги нааразылыгын билдирип, жүрүш жасаган. Полиция атайы заттарды колдонуп, ал Эребуни районунда токтотулган. Мунун алдында болгон оппозиция лидери Николм Пашинян менен Саргсяндын сүйлөшүүсү үч мүнөткө созулуп, ал майнапсыз аяктаган.
"Гражданский договор" партиясынын өкүлү Рубен Рубенян бийликтин акцияларды токтотуу аракетине карабай, нааразылык митингдери, демонстрациялар улантыла берерин билдирген.
Эске салсак, Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы нааразылык акциялары 13-апрелде башталган. Оппозиция аны өлкөнү натыйжасыз башкарып, экономикалык абалды начарлатып жиберди деп күнөөлөгөн.
Дүйшөмбү күн митингге чыккандар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылганы менен полиция аларды артка сүрүп, мунун кесепетинен ондогон кишилер жаракат алган. Эртеси күнү нааразылыкка чыккандар "баркыт ыңкылабы" башталганын жар салышкан.
Нааразылыктарга карабай, Армениянын парламенти 17-апрелде Саргсянды өкмөт башчылыкка шайлаган. Бул Армения башкаруунун парламенттик түрүнө өтүү боюнча Баш мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин болгон. Алардын негизинде премьер-министр бийликтин негизги адамы болуп калат.