Апта ирмеми: тоо сымал жылган кум шамалдан аңтарылган козу карынга чейин

Sputnik

Иранда укмуштуудай кум бороону болду. Ал эми Франциянын Париж шаарында 5 чакырымга чуркагандан кийин жөө күлүктөргө түстүү ун чачышат.

Кыргызстанда мотокросс боюнча Шериктештик кубогу өттү. Жарышка Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиядан келген 100дөй спортчу катышты. 

Бишкектеги мотоциклчендер парады. Кан басымды көтөргөн сүрөттөр
Дүйнө боорукерлерден куру эмес. Лондондун тургундары Сириядагы бомбалоону токтоткула деген талап менен акцияга чыгышты.

Кубалык балерина Даниэла Гомес Перес АКШнын Ак үйүнүн фонунда бийледи. Ал эми Суматра (Индонезия) аралындагы Синабунг жанар тоосунун атылышы көптөрдү түйшөлттү.

Январда мусулман уруусунан 8 жаштагы кызды уурдап кетишип, зордуктап, андан соң өлтүрүп салышкан. Ал кылмыш боюнча сегиз адам сурак берип жатат, экөө полиция кызматкерлери болуп чыккан. Буга карата өлкөдө нааразылык акциялары өтүүдө.

13-апрелден тарта Арменияда абал тынч эмес. Жекшембиде оппозиция өлкөнүн мурдагы президенти Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына кезектеги нааразылыгын билдирип, жүрүш жасаган.

Миланда (Италия) дизайнерлердин жумалыгы өтүп, анда абдан кызык эмгектер коюлду. Аңтарылган козу карын көптөрдүн көзүнө түштү.

Нидерландыдагы гүлдөрдүн Кекенхоф деп аталган королдук паркы өзүнчө бир керемет жай.

1 / 22
Куду кумдан жасалган толкун келе жаткандай. Йезд (Иран) шаарындагы көрүнүш. Табигаттын бул кубулушу шаардын бир топ жерин электр кубатсыз калтырды
2 / 22
Бул боек эмес, кадимки эле ун. Болгону түсү ар кыл. Франциянын Париж шаарында 5 чакырымга чуркагандан кийин ушинтип ун чачышат
3 / 22
Кыргызстанда мотокросс боюнча Шериктештик кубогу өттү. Жарышка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген 100дөй спортчу катышты. Түрдүү жаш курактагылар мотоциклдин күчүн сынады
4 / 22
Лондондун тургуну Сириядагы бомбалоону токтоткула деген жазууну көтөрүп турат
5 / 22
АКШда Ак үйдүн фонунда бийлеген кубалык балерина Даниэла Гомес Перес
6 / 22
Москва. Локомотивден турган "Лихоборы" деп аталган жай
7 / 22
Ханойдогу (Вьетнам) чыкыйган аскерлер. Мьянманын ТИМи менен Вьетнамдын мамлекетик кеңешчиси Аун Сан Су Чжинин жолугушуусу алдында командир аскерлерди көздөн өткөрүүдө
8 / 22
Москвадагы добул менен чагылган
9 / 22
Суматра (Индонезия) аралындагы Синабунг жанар тоосунун атылышы
10 / 22
Выгонощи (Белоруссия) кыштагынын жанындагы токойдун ичинен тартылган куштар
11 / 22
Кыз "кезек мага келдиби?" деген жазууну кармап турат. Бакырайган бул секелек Индиянын Катхуа шаарында жашы жете электерди зордуктоого каршы өткөн акциянын катышуучусу. Январда мусулман уруусунан 8 жаштагы кызды уурдап кетишип, зордуктап, андан соң өлтүрүп салышкан. Ал кылмыш боюнча сегиз адам сурак берип жатат, экөө полиция кызматкерлери болуп чыккан
12 / 22
Укмуштуудай толкундар жана укмуштуудай сезимдер! Португалиянын Назаре шаарындагы жээктен туруп тартылган сүрөт
13 / 22
Кичинекей артистке кызыккандар аны сүрөткө тартып алып жатышат. Панью аймагы (Гуандун провинция, Кытай)
14 / 22
Еревандагы саясий нааразылык акциясынын катышуучусу. Жекшембиде оппозиция өлкөнүн мурдагы президенти Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына кезектеги нааразылыгын билдирип, жүрүш жасаган. Митинг 13-апрелде башталган
15 / 22
Нидерландыдагы гүлдөрдүн Кекенхоф деп аталган королдук паркы. Асмандан тартылган сүрөт
16 / 22
Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон маалымат жыйын алдында. Берлин
17 / 22
Карстен Холлердин колунан чыккан аңтарылган козу карындын сүрөтү жайгашкан бөлмө. Миланда (Италия) өткөн дизайнерлердин жумалыгы
18 / 22
Купальник кийип алып, эл жапырт келген лыжа тебүү боюнча "Grelka fest" деп аталган иш-чара. Кемеров облусу, Шерегеш айылы
19 / 22
Жумушчулар Жоги храмында Будданын туулушун майрамдоого даярдык көрүп, фонарларды сырдап жатат. Сеул (Түштүк Корея)
20 / 22
Мода жумалыгында модель Agua de Coco коллекциясын көрсөтүп жатат. Сан-Паулу (Бразилия)
21 / 22
Бишкектин көчөлөрүнөн көрүнүш. 21-апрелде 2018-жылдын ачылышы боюнча мотосезондон бир ирмем
22 / 22
Атайын даярдыктагы аскер машыгуу учурунда өрттөн секирип өтүп жатат. Белоруссиянын аскер күчтөрүнүн машыгуу борбору уюштурган иш-чара