Сатуучулар кайсы учурда жинди кашайтат? Sputnik Кыргызстан агенттиги кардарлардан сураштырып көрдү.
Оозуна талкан салып алгандар. "Бул канча, тиги канча" деп сурай берип, акыры тажаганыңан кетип каласың. Эмнеге соода кылып отурганын түшүнбөйсүң.
Урушчаактар. Кийим алайын деп жүргөндө жакшысын тандайын дейсиң да. Кийип көрүп жакпай, кетип баратсаң, кагынып-силкинип, сүйлөнүп, абийириңди кетирет. "Албагандан кийин эмне кийдиң" деп беттен алгандар да болот.
Алдамчылар. Товары жакшыбы-жаманбы, ага карабайт. Иши кылып өткөрсө болду. Сапаты начар экенин көрүп турсаң да, каратып туруп калп айтат. Анан "оригинал" деп кишини күйгүзөт да. Тамак-аш саткан соодагерлер да мөөнөтү өтүп кеткен сүтүн же каймагын берип адамдын башын айлантат. Анан калп эле "аа ошондой бекен" деп билмексен болуп коюшат. Эскирген колбасаларын жууп, майлап туруп саткандарчы… Сөз жок!
Ач көздөр. Болбогон эле товарын асмандын башы кылып саткандар да жинди кашайтат. Андай буюмду башка жерден эки эсе арзан көргөндө жакаңды гана кармайсың.