iPhone телефонунан маалыматтар уурдалышы мүмкүн экен. Сак болгула!

Адистер байтааныш же коомдук жайлардан Wi-Fi аркылуу таратылган интернетке кошулуу айрым учурда кооптуу экенин эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Арам ойлуу адамдар бирөөнүн iPhone телефонун алыстан туруп башкарып кое аларын "Известия" басылмасы Symantec изилдөө компаниясына шилтеме берип жазды. 

Өзбекстанда ажатканага түшкөн iPhone телефонун алам деп үч киши каза болду
Адистердин айтымында, iTunes Wi-Fi sync программасын синхронизациялоо жолу менен аппаратты компьютерге туташтырбай туруп эле ичиндеги маалыматтарды уурдап алууга болот. Мында хакерлер башка бирөөнүн телефонуна Wi-Fi аркылуу кире турган ачкычтарды таап алышат дагы ал жактан өзүнө керектүү нерселерди көчүрүп алышат.

Мындан улам бейтааныш же коомдук жайлардагы Wi-Fi аркылуу таратылган интернетке кошулуу кооптуу экени белгилүү болду.