Бишкекте балдардын эл аралык фестивалы өтүп жатат

Иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жети облусунан келген улан-кыздар катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргыз-түрк "Манас" университетинде эл аралык балдар фестивалы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

1 / 3
Кыргыз-түрк "Манас" университетинде эл аралык балдар фестивалы өткөрүлүп жатат
2 / 3
22-23-апрель күндөрүнө белгиленген фестиваль жыл сайын Түркия мамлекетинде өткөрүлүп келген балдар майрамына карата жана кыргыз-түрк достугун арттыруу үчүн уюштурулууда
3 / 3
Фестивалды Кыргыз-түрк "Манас" университети менен "ТМЖ" коомдук фондусу уюштуруп жатат.

22-23-апрель күндөрүнө белгиленген фестиваль жыл сайын Түркия мамлекетинде өткөрүлүп келген балдар майрамына карата жана кыргыз-түрк достугун арттыруу үчүн уюштурулууда.

"Фестивалдын алкагында Туркия, Өзбекстан, Казакстандан келген бий топтору жана Кыргызстандын жети облусунан келген улан-кыздар өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлуу белектер жана чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышып келүү мүмкүнчүлүгү берилет", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалды Кыргыз-түрк "Манас" университети менен "ТМЖ" коомдук фондусу уюштуруп жатат.