БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Антонина Шевченко Lion Fight лигасы уюштурган тайбокс боюнча дүйнө биринчилигинде наамын коргоп калды. Бул тууралуу уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды.
Беттеш 21-апрелде Американын Коннектикут штатында өткөн. Турнирдин башкы беттешинде Шевченко австралиялык Клер Бакстер менен күч сынашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.
Антонина Шевченко аталган уюмда 2016-жылы чемпион аталып, эки жолу наамын коргогон. Биринчи атаандашы италиялык Паола Каруччи болсо, экинчиси голландиялык Илон Вийманс эле.