БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде жаңы тасма тартылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссер Артык Сүйүндүков билдирди.
Фильм "Шамбала" аты менен көрүүчүлөргө сунушталат. Учурда алгачкы даярдыктар көрүлүүдө.
Режиссердун айтымында, толук метраждуу тасманы тартуу демилгеси Айтматовдун көзү тирүү кезинде эле көтөрүлгөн.
"Мен улуу жазуучу менен иштешип, кезинде бул тасманы тартууну Айтматов менен талкуулагам. Ал инсан сценарийин жактырып, кеп-кеңешин берген. Союз маалында тартылган "Ак кемеден" өзгөчөлүгү бере турган ою жана андагы окуялары башкача болот", — деди Сүйүндүков.
Съемка ушул жылдын август айында башталып, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандын киночуларынын катышуусу күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, белгилүү режиссер Болот Шамшиев алгачкылардан болуп 1976-жылы "Ак кеме" тасмасын калың элге сунуштаган.