Индиялык тургун YouTube каналындагы видеороликтин жардамы менен 40 жылдан соң туугандары менен табышканын CBS News жазып чыкты.
Басылманын айтымында, чачын ак аралаган карыянын Болливуд хиттерин аткарып жаткан ролигин сүрөтчү Фироз Шакир видеосервиске жүктөп койгон. Фотограф кайыр сурап жан баккан абышканы Мумбаидеги райондордун биринен кездештирген.
Видеоролик соцтармакка жайылгандан кийин карыяны туугандары таанып алганы айтылат. Маалымат боюнча "ырчы" 26 жашында 1978-жылы жоголуп кеткен Хомдрам Гамбхир Сингх экени белгилүү болгон. 40 жылдан бери жакындары ал тууралуу эч нерсе билишкен эмес.
Абышканын туугандары Мумбаи шаарынын полициясы менен байланышып, кишини таап, Манипурга алып келишкен. Басылма дайынсыз кеткенге чейин Хомдрам Гамбхир Сингх жубайы менен ажырашып депрессияга батып жүргөнүн жазды.
Ал арада Кыргызстанда да милиция кызматкерлери 11 жыл мурун жоголуп кеткен кызды тапканы кабарланган.