Премьер Абулгазиевдин иш бөлмөсүнө келгендеги эмоциясы. Видео

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев кызматка киришти
Sputnik

Жаңы өкмөт башчы ишемби күнү биринчи жолу иш бөлмөсүнө келди

Медведев Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады
Абулгазиевди премьер-министрликке дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгын өлкө башчысынын аппаратынын жетекчи орун басары Досалы Эсеналиев окуду. Өкмөт башчыны иш орду менен тааныштыруу салтанатына төрага Дастан Жумабеков менен фракция лидерлери келди.

Абулгазиев мамлекет башчысына жана депутаттарга ага ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, эл үчүн ак ниеттен кызмат кылууга бардык күчүн жумшаарын белгиледи.

Өкмөттүн жаңы курамы 20-апрелде бекитилген.