Радио

Шүкүров: Польша, БАЭ, Франция өлкөлөрүнөн жылкылар алып келинүүдө

Аргымак улуттук ат оюндар федерациясынын алып баруучусу жана маалымат катчысы Бакай Шүкүров чет жерден жылкы алып келген жарандардын саны өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Шүкүров: Польша, БАЭ, Франция өлкөлөрүнөн жылкылар алып келинүүдө

Польша, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Франциядан жылкылар алып келинүүдө. Бул тууралуу Бакай Шүкүров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алынган аттар Кыргызстандын шартына көндүрүлүп жатат.

"Ат оюндарына башка мамлекеттен атайын кызыгып келген көрүүчүлөрдүн санынын өсүшү менен катар чет жерден алып келинген жылкылардын да саны жогорулап жатат. Бүгүнкү күндө аттар Польша, БАЭ, Франция өңдүү бир катар өлкөлөрдөн сатып алынып, Кыргызстандын шартына көндүрүлүүдө. Мунун негизинде жылкы чарбалары да арбын болууда", — деди Шүкүров.

Ал Аргымак улуттук ат оюндар федерациясы иштеп баштагандан бери бул жаатта бир катар иш-чаралар уюштурулуп келе жатканын кошумчалады.